Руслан Казакбаев: Бул жолу эл жарыкты же болбосо караңгылыкты тандайт

87

Мурунку тышкы иштер министри, “Республика” партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев кыргызстандыктарды 2020-жылдын 4-октябрында туура тандоого чакырды.

Партиялык программанын сунуштоо аземинде сүйлөгөн сөзүндө Казакбаев эл жарык же болбосо караңгыны тандап алышы керектигин белгиледи.

“Бул жолку шайлоо чындыгында тарыхый болот. Булар партиялык шайлоолор эмес, сиз партия менен программаны гана эмес, ак же караны, жарык же болбосо караңгыны тандайсыз. Акыркы жылдары кыргыздар “легендарлуу парламентти” көп эстеп, азыркы депутаттар бирдей эмес, аларды ар кандай аттар менен атап жатышат. Мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн, биринчи кезекте өзүбүздү өзгөртүп, туура тандообуз керек. Болбосо, учурдагы парламенттин чакырылышы күздө ал жакка келе тургандарга салыштырмалуу  оюнчуктай сезилиши мүмкүн. Ошондуктан, өлкөнү өркүндөтө турган адамдарды туура тандаңыз. Тарыхы, тажрыйбасы жана билими бар партияны тандаңыз. “Республика” партиясына быйыл 10 жыл болду – бул жемиштүү иштин 10 жылы, ийгиликтин жана натыйжалуулуктун 10 жылы. Биз сиздин келечегиңиз үчүн жоопкерчиликти алууга даярбыз!” – деди Казакбаев.

Ал белгилегендей, Республика партиясы өзүнүн “Алдыга жол!” деген ураанын менен өлкөдөгү бардык тармактарда керек болгон реформаларды сунуш кылат. Бул өзгөрүүлөр кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртып, сапаттуу жана ыңгайлуу кылат.

“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.