Роналдунун Португалиянын курамасынын катарында киргизген голдорунун саны 100дөн ашты

18
epa08655403 Portugals Cristiano Ronaldo reacts during the UEFA Nations League, division A, group 3 soccer game betwween Sweden and Portugal at Friends Arena in Stockholm, Sweden, 08 September 2020. EPA-EFE/Janerik Henriksson/TT SWEDEN OUT

Криштиану Роналдунун футбол боюнча Португалиянын курамасынын катарында киргизген голдорунун саны 100дөн ашты.

УЕФАнын Улуттар лигасында Португалиянын командасы Швециянын курамасы менен оюн өткөрдү. Беттеш 2:0 эсебинде Португалиянын жеңиши менен аяктады. Эки голду тең Роналду киргизди.

Эки гол оюнчунун португалиялык курамадагы 100 жана 101-голу болду.

Роналду Португалиянын курамасынын катарында 100дөн ашык гол жараткан европадагы биринчи, дүйнөдөгү экинчи оюнчу. Дүйнөдө Ирандын курамасынын футболчусу Али Даеи (109 гол) биринчи орунда турат.