Милиция дайынсыз жоголгон 30 жаштагы жигитти тапты

10

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери дайынсыз жоголгон Жумабек уулу Кайратты тапты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Кайрат үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон дайынсыз жоголгон.

2020-жылдын 5-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Күн мурун, 8-сентябрда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумабек уулу Кайраттын Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталып, жакындарына аман-эсен тапшырылды.