Кыргызстан Өзбекстан менен аба каттамдарын жандантты

13

Кыргызстан менен Өзбекстандын авиация бийликтеринин келишимине ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдар жанданды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, “Узбекистонхавоюллари” авиакомпаниясынын учагы 14-сентябрдан тарта Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы боюнча дүйшөмбү күндөрү абага көтөрүлөт.