Кайрат Нуртас мас болуп күзөтчүнү сабап салган

70

Казак ырчысы Кайрат Нуртас мас абалында күзөтчүнү сабап, мурду башын канжалаткан. Бул тууралуу e-gazet.kz басылмасынын кабарчылары жазып чыкты. Маалыматта, Актаудагы Rixos Water World курорттук аймакта ырчы Кайрат Нуртас туура эмес жүрүм-туруму менен ызы-чууга кабылды. Бул жолу ырчы мас абалында курорттук аймактын күзөтчүсүнө жаман сөздөр менен сөгүп, мурдун канжалата койгон. Бул окуяны ал жерде тургандардын бири видеого тартып, интернет тармагына жүктөп ийген. Видеодо Кайрат Нуртас менен күзөтчүнүн сүйлөшүп ага ырчынын үстөмдүк кылып жатканы тартылган. Көп өтпөй кайрат нуртас күзөтчүнү ур тепкиге алган. Ал эки күзөтчү жигит кол кайтарган эмес. Көп өтпөй видео интернет желесинен алынып, апасы Гүлзира Айдарбекова уруш болгон түнү ал да ошол аймакта эс алып жатканын жана кайрат эч кандай ичимдик ичпегенин айтып чыккан. Ал эми коомчулук болсо Кайраттын бул кылганы адамды теңсинбегендик менен акчага көөп курорттук жайда иштеген кызматкерлерди адам катары кабыл албаганын айтып чыгышууда.

Аргумент.кж