Акыркы суткада Талас облусунда бир адам коронавирустан каза болду

5

09.09.20.  Акыркы суткада Талас облусунда бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда аталган илдеттен 1 миң 63 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 613тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 336 киши айыгып чыкты.