Он эки жаштагы кызды аталаш агасы зордуктап салган

540

Жашы жете элек окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 3-август күнү карындашын зордуктады деп шектелген жаранга шаардык сот чечим чыгарып, №5 тергөө абагына которду.
Ош шаарынын тургуна 2009-жылы туулган кызын иниси зордуктап койгонун айтып милицияга кайрылган. Арыздын негизинде 1990-жылы туулган жаран шектелип кармалган. Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине жана сотко чейинки өндүрүш иштерин кылмыш-жаза кодексинин 164 беренесине ылайык “ Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү иш аракеттер” кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши ачылды. Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат.

Аргумент.кж