Мигранттын кызы: «Ата апа акчанын артынан кеткениңерге 5 жыл болду, кайтпадыңар…»

60

«Ата, апа, саламатсызбы? Иштериңиз жакшыбы? Мага жөнөткөн белектериңиз абдан жакты: таттууларды жеп бүтүрүп койдук, күлгүн кызыл түстөгү сумкамды көтөрүп жүрөм. Бирок жашоо мага күлгүн түстө көрүнбөй калганына канча болду.

5 жыл өтүптүр. Бир жолу келип кеткениңиздер болбосо, «Үйгө акча топтоп алсак барабыз!» деген жооптон башканы уга элекмин. Ошол кеп кылып, сиз кыялданып жаткан үйдү ала элек жатып жек көрүп да кетем.

Үй деген эмне?
Дос — душманга, кошуна- колоңго, тууган — туушканга мактаныш үчүн заңгырата салынган имаратпы? 5 жыл атам экөөңүздөрдүн маңдай териңиздерге, менин кусалыктан аккан көз жаштарыма татыктуу нерсеби? Кечээ сабакта эжей: «Үй — бул балдардын шыңгыр күлкүсү жаңырган, апалар бышырган нандын жыты сиңген, дубалдарында аталар черткен комуз күүлөрү катылган уя! Ал уя адамдар менен жылуулукка, сүйүүгө, мээримге бөлөнөт»,- деп айтты. Мектептен келе жатып көпкө ойлондум. Түндө уктаардан мурун адатымча бышактап ыйлап алдым. «Айланайын Кудайым, ата — энем батыраак үй алып, келип калса экен» деген тилегимди эмнегедир айткым келбеди.
Сиздер менин 5 алып келгендеги кубанычыма, бий ийримине барып үйрөнгөн бийлериме, мектептеги ийгилигиме күбө боло албадыңыздар. Китеп окуганды абдан жакшы көрөм, бирок аны талкуулай албайм. Олимпиадалардан алдыңкы орундарды алам, сыймыктана албайм. Корком, ызаланам, ыйлайм, бирок бөлүшө албайм. Жада калса, жакшы көргөн түсүмдү, тамагымды айта албайм. Анткени, сиздер үй алуу менен убарасыздар. А мага кучагыңыз үй болуп берээрин баамдай албадыңыздар.
Автор Асель Кутманбековна