ВИДЕО – Аялын сабап, памперс жегенге мажбур кылган

549

Буга чейин Самарканд облусунда аялын катуу сабаган кишинин видеосу социалдык тармактарда тараган.Бул тууралуу Баракелде билдирди

Учурда жабырлануучу аял менен анын 2 баласына укук коргоо органдары ордер берип, күйөөсүнө кылмыш иши козголду.

Блогер менен маектешкенде жабырлануучу аял күйөөсү жада калса баланын пайдаланылган памперсин жегенге мажбурлаганын айткан. Көйөөсүнүн кордугунан улам 3 жолу өз өмүрүн кыюуга да аракет кылган.

Түгөйлөр 2012-жылы шариат жолу менен үйлөнүп, 2015-жылы гана мыйзамдуу түрдө каттоодон өтүшкөн. Турмуш курган учурда аял 16 гана жашта болсо, күйөөсү андан 10 жашка улуу. Күйөөгө өз каалоосу менен чыккан эмес.

Күйөөсү аялын 3 күн мурун колдонулган памперсти жегенге мажбурлап, графин менен сабаган. Жада калса аны 2 саат бою күтүп отуруп, качан гана талабы аткарылганда сыртка чыгып кеткен. Буга чейин аял өз өмүрүнө кол салганда дарыгерлер укук коргоо органдарына билдирип, бирок аял арызынан кайра баш тартып келген.

Акыркы жолу таксинин жардамы менен жакындарынын үйүнө жетип, ооруканага оор абалда түшкөн. Бирок кайындары кайра суранып жатып үйүнө алып барганда, күйөөсү кайрадан сабаган.

Учурда ишти тиешелүү органдар карап жатат.