ФОТО – Эң чоң жамбаштуу кыз менен эргежээл жигиттин сүйүүсү талкуу жаратты

439

Кот-д`Ивуарлык Plus-size модель Евдокси Яону “африкалык Ким Кардашьян” дешет. Анын жамбашы 1,5 метр экени белгилүү. Инстаграмда болсо 900 миңден ашуун адам катталуучусу бар.

Бирок, азыр интернетте кыздын келбети эмес анын өзгөчө сүйүү романы талкууда болуп жаткан. Чоң жамбаштуу модель кыз, өзүнөн эки эсе кичинекей болгон Гранд Пи атуу музыкант менен мамиле куруп жатат. Гранд Пи прогерия оорусу менен төрөлгөн. Бул адаттан тыш эрте карыткан оору.

Евдокси менен Гранд Пинин мамилелерин көпчүлүк атайын пиар деп атап жатышат. Бирок түгөйлөр жакында үйлөнүшөрүн жар салышты.

Буга катар модель кыз жигитинин күйөрман кыздары менен чектен ашып сүйлөшүп жатканын угуп, аны кызганып чуу чыгарганы да белгилүү. Мындан улам экөөнүн мамилеси чындап эле олуттуу деп ойлогондор да жок эмес.

Белгилей кетчү жагдай, Гранд Пи жакында өтүүчү шайлоодо Гвинеянын президенттигине талапкер болууну көздөп жатат.