Республика: 5% агрокредит!

367

«Республика» партиясы берген убадаларын так аткарат. Мисалы, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо кыргызстандык дыйкандарга үстөк пайызы төмөн агрокредиттерди берүү демилгеси көтөрүлүп, ал ишке ашырылган. Бул тууралуу 4-сентябрда, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев «Алдыга жол» программасын тартуулаган учурда айтты.

«2010-жылы 7 пайыздык агрокредит беребиз дегенбиз. Бирок, бизге эч ким ишенген эмес», – деди Жеенчороев.

Келе жаткан шайлоодо, «Республика» партиясы 5%дык агрокредит берүү демилгеси сунуштады.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.