Республика: Беш эмес, бир гана салык болот!

74

Бүгүн «Республика» партиясы Бишкектеги Ден соолук паркында шайлоо алдындагы программасы менен тааныштырды. Депутаттыкка талапкер, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун экс-директору Алмаз Исанов өз сөзүндө Кыргызстандагы беш салыктын ордуна бирди киргизүү зарыл деп жарыялады.

Ал белгилегендей, «Республика» партиясы өзүнүн саясатынын борборуна адамды койгон, андыктан партиянын программасыны Кыргызстанда ишкердикти жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Республика партиясы салыктарды кыскартууну, жеке менчикти коргоону жана бардык мамлекеттик компанияларды жоюуну жактайт. Мамлекет ишкерлерге жардам берип, аларга тоскоолдук жаратпашы керек.

«Бүгүнкү күндө экономика эки компонентке бөлүнгөнү эч кимге жашыруун эмес: бул жерде спекулятивдик бөлүктү түзгөн банктар, финансылык уюмдар. Экинчиси жумушчу орундарды түзгөн, экспортко кете турган товарларды жараткан чыныгы бөлүгү. Көп сүйлөгөндөр бар, бирок иш кылган адамдар аз. Мен «Республика» партиясы менен бара жатам, анткени мен бул жерде иш-аракет кылгандарды гана көрдүм», – деди Исанов.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.