«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын ишин кароо 9-сентябрга жылдырылды

142

Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын БШКга каршы доо арызын кароону бүгүн, 7-сентябрда карай баштаган. Ишти үч саатка жакын караган соң, сот ишти кароону 9-сентябрга жылдырды. Буга партия өкүлдөрүнүн БКШнын айрым мүчөлөрүн сотко чакыруу тууралуу жүйөсү себеп болду.

Соттун жылдырылышын «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров убакыттан уттуруу деп баалады:

«Бизге азыр ар бир саатыбыз кымбат, анткени убакыт өтүп жатат. Муну менен биздин бутубузду тушап коюп жатышат. Бул бизди артка калтыруу аракети. Биздин судьяга нааразылыгыбыз жок. Бирок БШКдан келген мүчөлөр кыйла жаштык кылып коюшту».

Адахан Мадумаров сот имаратынын сыртында күтүп турган тарапкерлерин 9-сентябрдагы сот отурумуна чейин тынч тарап кетүүгө чакырды. Ал мыйзамдардын негизинде чечим кабыл алына турган болсо, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясын катталарын, эгер каттабай турган чечим кабыл алынса, саясий чечим деп саналарын айтты.

Бишкектин административдик сотунун имаратынын алдына чогулгандар «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын штабына карай жөө жүрүш менен кетишти.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» партиясы талапкерлерди аныктоодо эреже бузган деп таап, аны каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 15 саясий партия ат салышууда.