«Ата Мекен» өлкө аймагын кыдырууда. Ысык-Көл

104

“Ата Мекен” саясий партиясы өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды улантууда. Өткөн дем алыш күндөрү “Ата Мекенден” депутаттыкка талапкерлер Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги айылдарга барышты.

Эл өкүлдөрүнүн бири эки жашар өз адашы менен жолукканы күтүүсүз, бирок жагымдуу  маанай тартуулады. Бөкөнбаев айылынын тургуну Жыпар Шамырованын айтымында, эки жаштагы уулунун атын Рыскелди деп чоң атасы койгон. Ал киши “ымыркайыбыз Рыскелди Момбековдой чынчыл, кара кылды как жарган, эл үчүн иштеген инсан болсун” деп ырымдаган экен.

Бөкөнбаев айылынын тургундары партиянын шайлоо программасындагы негизги кадамдар тууралуу маалымат алышты. Экономикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстандыктардын мынтип оор абалда турганынан ошол эле бийликке жулунуп аткандар кара ниеттик менен пайдаланып жатат.

 «Бул шайлоо – тагдыр чече турган шайлоо. “Кыргызстан бар же жок болот” деген шайлоо. Бүт партиялар, олигархтар, көпөстөр акчаларын чачып жүрүшөт. Келе жатып көрдүк, Тоңдо бир гана партиянын баннерлери илинип турат. Кыргызстанда башка партия жокпу? Алар элдин баарын сатып алабыз деп жатышат”, – деди лидер Жанар Акаев.

«Ата Мекен» таза жана чынчыл шайлоо үчүн. Оппозициялык партиянын катарында абийирин соодалабай турган тажрыйбалуу башкаруучулар бар.

«Сиздер мени жакшы билесиздер. Мен 5 жыл бою аким болуп турдум. Мен бир чарчы метр жерди менчиктеп алганымды уктуңарбы? Мамлекет өз айылымдан бөлүп берген тилкем гана бар. Башка эч нерсем жок. Өз туугандарымды ишке орноштурган эмесмин”, – деди Бакыт Рыспаев.

Ар бир кыргызстандык өз өлкөсү менен сыймыктанып, татыктуу жашаш үчүн жаңы өзгөрүүлөр керек! Жаңы дем жана жаңы көз караштар керек! Ошол үчүн “Ата Мекен” командасына өзгөрүүлөрдү ишке ашыра алчу, жаңыча ой жүгүрткөн, позициясына бекем жана максатка ишенимдүү кадам таштаган адамдарды чогултту.

Даярдаган: Жеке ишкер Аманбек уулу Султанбек, Бишкек ш., Киев көч. 120
Буйрутма: “Ата Мекен” ССП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К. Кулжанова тарабынан төлөндү.