Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок – Үсөнбаев

9

07.09.20. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 61 адам каза тапкан.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 458ди түзөт. Алардын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты.