Элдик Генерал Курсан Асановдун кайрылуусу

3542

Урматтуу кыргызстандыктар!

Алгач бизди колдогон тарапташтардын баарына терең ыраазычылык билдиргим келет. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө катышууну максат кылып турган эле. Бирок, тилекке каршы, Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу биздин саясий партияны шайлоого катышуу укугунан четтетүү тууралуу чечимиин кабыл алды.

Менимче, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин калыптандырууда ар бир партия ар кандай катачылыктарды кетиришти. Балким биздин партияда дагы айрым бир техникалык катачылыктар кетирилген болушу мүмкүн. Бирок бул иш-аракеттер “Бүтүн Кыргызстан” партиясын алдыдагы шайлоо өнөктүгүнөн четтетүүгө алып келбеши керек эле. Бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу өз ыйгарым укуктарынан аша чаап кетип, элдин ишенимин жоготуп алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнүн катышуучуларынын баарына бирдей укук берүүгө жана тек гана мыйзам чегинде иш алып барууга милдеттүү. Андай болбогон учурда, бул шайлоонун жыйынтыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы акыйкаттуулукка жетүү максатында Сот органдарына кайрылды жана иштин оӊ жагына чечилип калуусуна толук үмүттөнөт. Андыктан баарыбыз мыйзамды сакташыбыз керек жана мыйзам чегинде иш алып барышыбыз зарыл.

Албетте биздин партиянын тарапташтары өтө көп жана алар дагы соттун адилет чечимин күтүп жатышат. Биз аларга тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Акыйкаттык биз тарапта, андыктан жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй туралы. Биз мыйзамды бузган жокпуз, демек биз утабыз деп ишенем!

Урматым менен Курсан Асанов!

—-‐-‐———-‐—- ——————— ——————– ——————-

Уважаемые кыргызстанцы!

В первую очередь, я хотел бы выразить благодарность тем, кто нас поддержал. Партия «Бүтүн Кыргызстан» намеревалась принять участие в предстоящих выборах ЖК КР. Но к сожалению, рабочая группа Центральной избирательной комиссии приняла решение не допускать политическую партию к выборам.

Я считаю, что в каждой партии допускались ошибки в процессе формирования списков. И в нашей партии, возможно были некоторые технические ошибки, но это никоим образом не должно было привести к снятию партии «Бүтүн Кыргызстан» с предвыборной гонки. Рабочая группа Центральной избирательной комиссии превысила свои полномочия. Тем самым, вызывая недоверие со стороны народа.
ЦИК обязана предоставить равные права всем участникам выборного процесса. и действовать исключительно в рамках законодательства. Иначе это может негативно сказаться на итогах выборов.

Политическая партия «Бүтүн Кыргызстан» будет добиваться справедливости и подала в суд. Мы надеемся на положительный исход события. Все должны соблюдать закон и действовать в его рамках.

У кандидатов партии очень много сторонников, которые тоже ожидают справедливого решения суда. Мы выражаем им свою благодарность. Призываем их не отчаиваться. Потому что, справедливость на нашей стороне. Мы законы не нарушали и уверены, что Победим!

С уважением Курсан Асанов!