«Республика» гана жумуш орундарын түзө алат!

456

Азыркы учурда кыргыз экономикасынын абалы оор. Бул маселени чечүүгө «Республика» партиясынын гана мүмкүнү бар. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда, «Республика» партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев «Алдыга жол» программасын тартуулаган учурда айтты.

Анын айтымында, социалдык мааниси чоң маселени чечүүгө партиянын акылы да, жөндөмү да жетиштүү.

«Биз Социалдык төлөмдөрдү үч эсе кыскартабыз – 10% гана болот. Азыркы социалдык төлөмдөр жумуш орундарын расмий түзүүгө жолтоо болуп жатат», – деди партиянын лидери.

Ошондой эле, Мирлан Жеенчороев жумуш орундарын көбөйтүү боюнча башка мүмкүндөргө токтоп жеңилдетилген насыялар, салыктар системасын өзгөртүү, бизнести курууга жеңил шарттарды түзүү маселесин басмалады.

«Беш салыктын ордуна бир гана салык калтырабыз! Азыркы татаал Салык Кодексин жоёбуз. Салык канчалык жөнөкөй болсо, ошончолук көп жумуш орундары түзүлөт. Көмүскө экономика жоюлат. Коррупция жоголот», – деп Жеенчороев жыйынтыктады.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.