Республика: бандиттер менен коррупционерлерге бийликке жол бербейбиз!

192

4-сентябрда «Республика» партиясы шайлоо алдындагы программасын сунуштады. Партиянын лидери Мирлан Жеенчороев өз сөзүндө «Республика» бандиттер менен ар кандай тилкелердеги коррупционерлерди куугунтуктоону колдой тургандыгын белгилеп, аларды мекенге чыккынчы деп атады.

«Коррупционерлер – бул рак шишиги! Алар балдардын келечегин тоноп жатышат! Алар пенсионерлерден, дарыгерлерден, мугалимдерден акча уурдашат! Уурулар, уюшкан кылмыштуу топтор жана клан-мафиялык топтор добуш сатып алууда», – деди Жеенчороев.

«Республика» партиясы уюшкан кылмыштуу топтор жөнүндө мыйзам кабыл алууну көздөп, анда кылмыш статусу барлардын бардыгын түрмөгө отургузууга мүмкүнчүлүк берет. Партиянын программасында мамлекеттик органдарды уурулардан жана коррупционерлерден тазалаган люстрация боюнча пункт дагы бар.

«Контрабанда мафиясы түрмөгө түшөт. Бажы органдарын жана бардык мамлекеттик органдарды таптакыр жаңы санарип чечимдер менен жабдууланат. Биздин жол – коррупциясыз жол!»,- деди партия лидери.

«Республика» партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. «Республика» бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.