Жакшы кабар! Бүгүнкү күнгө карата коронавирустан каза болгондор катталган жок

11

06.09.20. Бүгүнкү күнгө карата коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 61 адам каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 87 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 403тү түзөт. Алардын ичинен 39 миң 826 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.