“Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШКны сотко берди

258

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Маалыматты партиянын басма сөз кызматынан ырасташты.

Бул тууралуу партиянын лидери Адахан Мадумаров жакынкы күндөрү маалымат жыйында маалымат берет.

Буга чейин БШК “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын шайлоого катышуу укугунан ажыраткан.

Эскерте кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясынын саясий бирикмелердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимин мыйзамсыз деп атап, башкармалыкка каршы сотко кайрыларын билдирген.