Таластыктар Жанар Акаевге ак боз ат мингизип, “Ата Мекенге” ак батасын беришти

4988

“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Талас облусунун тургундары менен жолугушууларды улантууда. Бүгүн “атамекенчилер” улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени – Шекер айылында болушту. Талапкерлер эл менен баарлашып, шайлоо алдындагы программасын тааныштырып,  өлкөдөгү кырдаал тууралуу пикир алышышты.

“Партиялар көп нерсени убада кылышат, бирок кийин аткарганы аз. “Ата Мекен” колунан келбей турган нерсени убада кылбайт. Ооба, биз олигархтардын, капчыктуулардын жана коррупционерлердин партиясы эмеспиз. Биздин катарыбызда “чимкириктер” жок, бирок жаңы жүздөр көп. Бизде чынчылдык, тазалык жана элге кызмат кылууга чоң каалоо бар. Биз шайлоочуларга дайыма эл менен бирге болобуз деп убада беребиз”, – деди Жанар Акаев. Жолугушууга келгендер лидердин бул сөзүн кол чабуулар менен кубатташты.

“Ата Мекен” партиясынын башка талапкерлери да эл алдына чыгып сөз сүйлөштү.

Эл “атакеменчилерди” жылуу кабыл калды. Жолугушуу соңунда аксакалдар жаш талапкерлерге батасын берип, чоң күрөшкө аттанып жаткан Жанар Акаевге болсо ак боз ат мингизип, чепкен жабышты.


Жанар Акаевдин атка чапчаң минип, ээрде ишенимдүү отурганына байкоо салып турган таластыктар “чыныгы жигит” деп жылмайышты.


Бүгүн “Ата Мекендин” үгүт кербени Таластан чыгып, өлкөнүн башка аймактарына бет алат. Жергиликтүү тургундар партиянын жеңишине ишене турганын айтып, жылуу узатышты.


Даярдаган: Жеке ишкер Аманбек уулу Султанбек, Бишкек ш., Киев көч. 120
Буйрутма: “Ата Мекен” ССП шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К. Кулжанова тарабынан төлөндү.