Кыргызстанда сутка ичинде 222 адам коронавирустан айыкты

58

05.09.20. Кыргызстанда сутка ичинде 222 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 102, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 27, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 14 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 648ге жетти.