Бишкекте пара талап кылган деп шектелип УКМКнын кызматкерлери кармалды

73

Бишкекте пара талап кылган деп шектелип УКМКнын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 4-сентябрда саат 22:00 чамасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь районунда УКМКнын эки опер кызматкери кармалган. Алар ишкерден пара талап кылган деп шектелүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар өздөрүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери катары тааныштырып, акча талап кылышкан.

Жабырлануучу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына алардын кызматкерлери акча талап кылып жаткандыгы боюнча арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча иш козголуп, кечке жуук шектүүлөр Бишкек шаарында кармалган.