Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок

73

05.09.20. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирустан 1061 адам каза болгон.

Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 316ны түзөт. Алардын ичинен 39 миң 648 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.