“Республика”: 16 эмес, 7 гана министр!

401

Мамлекеттик башкаруу системы кардиналдуу реформаларга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда, «Республика” партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев “Алдыга жол” программасын сунуштаган учурда белиглеп кетти. Анын айтымында, натыйжасыз 16 министрликтердин ордуна мобилдүү, эффективдүү иштеген 7 ведомство түзулөт. Жаңы өкмөт чечимдерди тез кабыл алып, бардык жоопкерчиликти мойнуна алат. Анын алкагында мамлекеттин бюджети миллиарддаган каражаттарды үнөмдөйт. “Министрлер конкурс аркылуу гана шайланат! Алар жүз күн сайын элге отчет берип турат”, – деп Жеенчороев басмалады. “Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. ​

​ Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.