Республика”: Президент институту жок болот!

2430

Кыргызстанда акыркы төңкөрүштөргө президенттик бийлик себеп болгон. Ошондуктан, келе жаткан парламенттик шайлоодо “Республика” партиясы президенттик институтун жоюу талабын койду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда, “Республика” партиясынын лидери Мирлан Жеенчороев “Алдыга жол” программасын сунуштаган учурда айтты.
Жеенчороев белгилеп кеткендей, президенттик бийлик 30 жылдын ичинде экономикалык, саясий кризисине күнөө болуп келди. Бул учурда ууру-кландар түзүлгөндуктөн “Республика” партиясы бул институтту жокко чыгарууну талап кылууда.

Анын ордуна, “Республика” партиясы парламенттин сапатын жогорулатып, ​ жоопкерликтүү өкмөттү түзүүнү сунуштайт.​
“Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163.

«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.