“Республика”: Болгону 75 депутат болот!

247

“Республика” партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын азайтууга талап кылууда. Бул тууралуу партиянын мүчөлөрү “Алдыга жол” программасын сунуштаган учурда айтып кетишти. Мамлекеттин өнүгүшү кардиналдуу реформасыз болбойт экенин айтып, ​ Мирлан Жеенчороев парламентте да өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрдү. ​ “Парламенттин акыркы чакырымында позициясыз депутаттар көп, алардын санын 120дан 75 чейин кыскартабыз. Алар бирөө үчүн добуш берсе жоопко тартабыз, жумушка 5 күндөн ашуун себепсиз келбесе аны кетиргенде мүмкүн болот”, – деп Жеенчороевубада берди. ​ “Республика” партиясынан депутаттыка талапкер болгон Алтынай Өмүрбекова кичинекей Кыргызстанга 120 депутат өтө көптүгүн айтып кетти.​ “Ар бир депутат жоопкерчиликтүү болот. Мурункудай сессияга 30 күн келбей койгондон кийин мандатты чакырып алган туура эмес. Бул ченемди биз жоебуз. Эмгек кодексинде мамлекеттик кызматкер үч сааттын ичинде жумушке келбесе ишинен бошотулат. Эмне себептен депутат 30 күндөн ашык сессияга келбейт?”, – деп Өмүрбекова суроо берди. Ошондой эле, Алтынай Өмүрбекова жаңы чакырыкта элге каршы иштеген депутаттардын мандатын алуу нормасы киргизилерин басмалап кетти.​ “Эмне үчүн жаман, туура эмес, элге каршы болгон мызамдарды сунуштаган депутаттар иштейт? Ошондуктан биз жаңы өзгөрүүлөрдү киргизип, 10 миң добуш топтогондон кийин элге каршы иштеген депутаттарды чакырып алса болот деген норманы киргизип жатабыз. Бул абдан туура, мен эл колдоп берет деп ишенемин”, – деп Өмүрбекова белгиледи. “Республика” партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. “Республика” бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат. ​ ​

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН​ 01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.