Он үч жаштагы кыз 10 жаштагы өспүрүмдөн эмес башкадан төрөгөн

376

Жаңыдан 13 толгон кыздын 10 жаштагы өспүрүмдөн төрөгөнү катуу талкууга түшкөн болучу. Бирок жыйынтык башка атаны көрсөткөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жарыялашты. Маалыматтта, Красноярск аймагында 13 жашар кыз катуу ооруп келип бирок дарыгерлер толгоо экенин айтышкан. Жыйынтыгында жаш эне аман эсен көз жарган. Ал эми сурак учурунда ал 10 жаштагы досу бар экенин айтып аны менен мамиледе экенин баяндаган. Бирок буга кээ бир дарыгерлер ишенген эмес. Анткени 10 жашар бала ата болууга али эртелик кылган. Бара-бара коомго талкуу жараткан сырдуу ата да дайын болду. Көрсө, жаш кызды 15 жаштагы өспүрүм зордуктап койгон. Генетикалык текшерүүдө наристенин атасы 15 жаштагы өспүрүм экени далилденди. «Ушундай коркунучтуу кырдаал болсо дагы, кош бойлуу болгонума эч качан өкүнбөйм», — дейт баланы баруудан баш тартпаган жаш эне. Учурда кыз окуусун улантып жатат, ал эми наристени чоң энеси карап багууга жардамдашууда.

Аргумент.кж