Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын саны 39 миң 426 адамга жетти

83

 04.09.20. Кыргызстанда сутка ичинде 252 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 112, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 21, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 38, Баткен облусунда 26 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 426га жетти.