Кыргызстанда акыркы суткада 9 медиктен коронавирус аныкталды

53

04.09.20.  Кыргызстанда акыркы суткада 9 медиктен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында бир, Ысык-Көл облусунда 8 медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада 9 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 145 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 533 медкызматкер айыкты”, – дейт ал.

Кыргызстанда 4-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 227ни түзөт. Алардын ичинен 39 миң 426 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.