Курсан Асановдун соту уланды

277

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан Турсунбек Бейшенбеков менен Дамир Пайзилда уулунун ишин кароо уланды.

Соттук жараянда күбөлөр көрсөтмө берүүдө. Сот отуруму жумасына эки ирет орун алып, жума күнү эртеден кечке чейин коюлууда.

Асанов ИИМдеги кызматынан 2019-жылы август айында алынган. Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.