Казакстанда пенсия корундагы акчаны алуу тартиби айтылды

13

Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги 2021-жылдан баштап жарандар пенсия топтомдорунун бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алса болорун билдирди. Бул үчүн жарандардын пенсия эсебиндеги акчасынын көлөмү “жеткиликтүү чектен” ашууга тийиш.

Жеткиликтүү чек – бул жарандардын пенсия эсебинде кала турган эң төмөнкү сумма. Бул чек жарандардын жаш курагына жараша болот.

Министрликтин алдын ала эсеби боюнча 30 жаштагы жаран үчүн жеткиликтүү чек – 2 млн 518 миң теңге; 35 жаш — 2 961 000 теңге; 40 жаш — 3 437 000 теңге; 45 жаш — 3 947 000 теңге; 50 жаш — 4 495 000 теңге, 55 жаш — 5 084 000 теңге; 59 жана андан жогорку жаштагылардыкы — 5 586 000 теңгени түзөт.

Божомолдор боюнча топтолгон акчасынын бир бөлүгүн алуу укугуна 720 миңден ашык киши ээ болот.

Казакстандын Бирдиктүү пенсия фондунда 2020-жылдын августуна карата 12 триллион теңге (28 миллиард доллар) топтолду. Фонддо 11 миллиондон ашык эсеп ачылган.

Пенсиялык каражаттын бир бөлүгү кыймылсыз мүлк менен катар баалуу кагаздарды сатып алуу жана дарылануу үчүн берилет. Мындан тышкары жер тилкесин сатып алуу, ипотеканы төлөө, курулуш же турак жайды оңдоо үчүн да алса болот. Пенсиялык эсептен алынган кыймылсыз мүлктү беш жылга чейин сатууга тыюу салынат.

Казакстанда эркектер 63 жаштан, аялдар ушул тапта 59,5 жаштан өйдө пенсияга чыгышат. 2018-жылдан бери аялдардын пенсия курагы жыл сайын алты айга жогорулап турат. Буга чейин алар 58 жашта ардактуу эс алууга чыгып келишкен. 2027-жылы эркектер менен аялдардын пенсия курагы теңелери күтүлүүдө.