Жайыл районунда каналга түшүп кеткен кичинекей кызды издөө уланууда

20

Жайыл районунда каналга түшүп кеткен кичинекей кызды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында каналга 3 жашар кыз түшүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери жыйынтык бере элек.

3-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 30 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 4-сентябрда издөө иштери улантылат.