Жадыра: “Кыздыгыӊды сат дешти”. Элитага «кызмат» кылып, 8 миллион тапкан кыздын баяны…

665

26 жаштагы Жадыра бул окуяны казак ЖМКларын айтып берген. Анын башынан өткөргөн турмушу көп эле жерде кайталанып, тилекке каршы мындай көрүнүштөр акырындык менен турмуштан өз оордун таап келаткандай. Кызыл-Ордолук Жадыра 18 жашка чыкканда Санкт-Петербург шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган.

Ал башынан өткөргөн окуяны чет мамлекеттерге чыгып, жаман жолго түшүп жаткан кыздарга сабак болсун деген иретте төкпөй-чачпай мындайча баяндаган:

-Питерде  2 бөлмөлүү батирде КМШнын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 6 кыз менен бирге жашадым. Ата-энемдин салган акчасы бир айлык жол киреге жана чакан түштөнүүгө эле жетчү. 1-курста өп-чап жашоодо жашадым. Буйрутма менен идиш –аяк ташыгыч, идиш-аяк жуучу жайда, кафеде официантка болуп иштедим. Бирок тапканым аз болуп кыйнала бердим. 2-курста Алишер аттуу өзбек улутундагы жигит менен таанышып, аны менен бат эле кыз-жигит болуп кеттим. Ал акчалуу эле. Дайыма сыйлап, ресторандан тамактануу ж.б. мен жактырган нерселерди кылып жүрдү. Ал таанышканыбызга эки ай болгондон кийин, өзү жашаган үйгө көчүп келүүмдү суранды. Мен ата-энеме эч нерсе айтканым жок. Эгер айта турган болсом, алар жарандык никеге уруксат беришпейт болчу. Мен Алишерге биринчи түнү кыз экенимди айттым. Ал менин бул сөзүмдү укканда дароо өзгөрүп:

-Кыз болсоӊ, кыздыӊгыӊды өзүӊө инвестиция кылышыӊ керек” – деди.

Мен анын бул сөздөрүнө таӊ калып, анын бул айткандарынан баш тарттым. Алишер менин сөзүмдү угуп да койгон жок. Ал мени карылуу колу менен жаактан нары тартып жиберди. Шолоктоп ыйлап жиберсем, ал менин кулагыма кыйкыра сүйлөдү:

-Мен сага канча деген акча төлөдүм. Сен ошол каражатымды кайтарышыӊ керек. Менин жактырган бир кызым элита сойку кыздарды иштеткен сутенердун жардамчысы болуп иштейт. Сенин кыздыгыӊды жакшы акчага сатса болот — деп айтып, ал мага биринчи түнү эмнелерди кылбашым керек экенин түшүндүрдү. Мен Алишерден коркконумдан макул болууга аргасыз болдум.

Биринчи кардарым 50 жаштагы жылдыздуу адам болду. Ал түнү менен өз ишин кылды. Эртеӊ менен эки конверт таштап кетти. Бир конвертте 100 миӊ рубль, экинчисинде “чай үчүн” деп 10 миӊ рубль салыныптыр. 10 миӊди көрсөтпөй  өзүмө алып алдым да, 100 миӊди Алишерге бердим. Бирок 10 миӊ рубль тез эле түгөнүп калды. Баягыдай эле акча жок, болсо да өп-чап күндөрдү баштан кечирип баштаганда, Алишерге “кардар” таап берип турушун сурандым. Алишер бул сунушума кубунып кетти. Ошентип, менин сойкулук жашоом акчанын айынан башталып кетти. Алишер мени ээрчитип барып, фотосессия кылып, Севина деген каймана ат ыйгарды. Кыздык үчүн 100 миӊ рубль болсо, кийинки бир түндүн акчасы 30-50 миӊ рублге жетип жатты. Себеби, азиятка болгонум үчүн бир аз бааны көтөрүшүптүр. Тапкан акчамдын 10 пайызын Алишер, 30 пайызын сутенер, калганын өзүм алып жаттым. Акчам кенен боло баштаганда акырын чогулта баштадым. Кардарларымдын көбү мага кур кол келбей, ар кандай баалуу белектерди да ала келишчү. Каалагандай кийинип, айтор каалагандай жүрдүм. Жөнөкөй сойкулар бир жумада 50 кардарды тейлешсе, мен 5 жыл ичинде өздөрүн элита деп сезген 50 кардарга кызмат көрсөттүм. Кардаларымдын эӊ жашы 22 жашта болсо, көбү 40-50 жаштарда, ал эми эӊ уулуусу 70 жаштагы “чоӊ ата” болду. 5 жылдан кийин менин чогулткан акчам 8 миллион (40 миллион теӊгеге жакын) рублге жетти. Мен акчамды, баалуу шакек-сөйкөлөрүмдү сейфке катып жүрдүм.

Бир күнү Алишер келип,  мени абдан сүйө турганын айтып, сойкулукка түрткөнү үчүн кечирим сурады. Ал: “Баш кошолу, баарын кайрадан баштайлы. Мен сенисиз жашай албасымды түшүндүм”- деди. Мен анын бул сөздөрүнө ишенип, айтканына макул болдум. Анын үстүнө сойкулук жашоодон кол үзүп, адамча жашоону ойлонуп баштаган элем. Ошентип, экөөбүз менин кардарларымдан  бат эле кол үзүп, башка батирге көчүп келдик. Ал батирде бир жума жашагандан кийин, Алишер мен жокто менин сейфимди алып, качып кетти. Мени аны таппай калдым. 5 жылда чогулткан акчамдан бир заматта кол жуудум. Мен Алишерди башка булактардан издедим. Жыйынтыгында Алишерди издегендер, ага алданган адамдар көп экенин билдим. Кардарлардын телефон номерлерин бүт өчүргөм. Сутенердун да дайынын таппай калдым.  Полицияга да билдире албадым. Себеби, менин миллиондорум мыйзамсыз акча эле да.  Эмне кыларымды билбей калдым. Кайгырдым, ыйладым, өзүмдү катуу тилдедим. Бирок андан эч пайда чыккан жок. Арам акча адамга жукпасын түшүндүм. Питерден Казакстанга акчасы жок кайттым. Кыйратып деле билим албадым. Өзүмдү булгап, чоӊ күнөөгө батып келдим. Эми адамча жашагым келет…

Чагылган