Бүгүндөн тарта Төө-Ашуудагы тоннель күнүнө эки жолу жабылып турат – убактысы

57

Бүгүндөн тарта Төө-Ашудагы К. Көлбаев атындагы тоннель 30-сентябрга чейин күнүнө эки жолу жабылып турат. Бул тууралуу
Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрлик билдиргендей, тоннелдин жабылышы видеокамераларды орнотуу иштери менен байланыштуу.

Тоннель жабылган сааттар:

– 08:00-09:30 – оңдоо иштери (жабык)
– 09:30-14:00 – унааларды өткөрүү (ачык)
– 14:00-15:30 – оңдоо иштери (жабык)
– 15:30-08:00 – унааларды өткөрүү (ачык)