Апасына кол көтөргөндүгү үчүн инисин мууздап салган

434

Сокулук райондук сот залында бир жыл мурун өз инисин мууздап салган жаранга сот өкүм чыгарды.Бул тууралуу жергиликтүү кабарчы жазып чыкты. Анда окуя Сокулуктун бир айылында болгон. Өзүнчө турган бир туугандын улуусуна апасы арызданып барган. Бирге турган кичүү уулу кол көтөрүп жатканын айткан. Инисинин апасына кол көтөрүп ушунчалык пастыкка барганы анын кыжырын кайнатат. Ачуусу менен дүкөнгө барып тамеки сатып алат. Андан ары чечишип алуу үчүн инисиникине кеткен. Иниси экөө кыжыңдаша кетип агасы инисин көтөруп уруп, стол үстүндөгу аш бычак менен мууздап салган. Сот залында айыпталуучу инисин өлтүргөнүн толугу менен мойнуна алып, болгону инисине түшундурөйүн деп барганын айткан. Бирок экөө келише албай окуянын аягы өлүм менен бүткөн. Сот айыпталуучуну Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жарым жылга эркинен ажыратты.

Аргумент.кж