Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды

15

Кыргызстандын аймагында бир сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталды. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аларды өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, сутка ичинде Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 жана Баткен облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Ч.Валиханов көчөсүндө ачык аянтта 100 чарчы метр кураган чөп күйгөн. Ошондой эле Жунусалиев көчөсүндөгү жыгач менен капталган 8 чарчы метр мончонун бөлмөсү күйүп кеткен. Өрттөрдүн себеби учурда такталууда.

Ал эми Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаага жүктөлгөн 200 түк беде чөп толугу менен күйгөн.

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагыЖүзүм-Бак айылы,нда жыгач устундуу темир менен жабылган 2 кабаттуу сарайдын 75 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби тактала элек.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Кыпчак-Талаа айылынын К.Раманов көчөсүндөгү №4 турак үйдүн сарайынын 155 чарчы метр аянты күйгөн жана өрт жанаша жайгашкан сарайга өтүп, сарайдын 150 чарчы метр аянты өрттөнгөн. Мындан сырткары, 1 миң түк жыйылган чөп күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.