Жанар Акаев: Бийликтин партиялары админресурсту ачык эле пайдаланып жатат. Нааразылар көп

221

Бийликтин партиялары административдик ресурсту кыянат пайдаланып, мугалимдерди, дарыгерлерди шайлоого мажбурлап иштетип жатышат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирүү жасап, жарандарды таза шайлоо үчүн ачык күрөшүүгө чакырды.

Акаевдин айтымында, админресурстар тууралуу нааразылыгын билдирип, алардын штабына кайрылган ак халатчандар, агартуучулар өтө көп болуп жатат.

“Биз шайлоо кампаниясына кызуу даярданып, эч ким менен чатакташууну каалаган эмеспиз. Бүгүнкү күндө бийликтин партиялары административдик ресурстарды ачык эле колдонуп, врачтарды, мугалимдерди чогултуп: “бизге иштейсиңер, керек болсо кошуна-колоң, туугандарыңардын паспортторун алып келесиңер” деп мажбурлап жатышат”, – дейт ал.

Эл өкүлү админресуртарды кыянат пайдалангандарды кандай жаза күтүп турганын эске салды:

“Эгер сизге кайсы бир ишкананын жетекчиси, мэр болобу, губернатор же аким болобу, басым көрсөтсө,  “КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамды так айтып бериңиздер. Анда административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт деп жазылып турат. Берененин биринчи бөлүгүн караңыздар, билим берүү уюмдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерин шайлоо кампаниясына тартууга тыюу салынат. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалангандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүу бир иш менен алектенүү укуктарынан ажыратылып, айып пулга жыгылат”, – деди Акаев.

Депутат жарандарды ачык жана адилеттүү коомду курууга, таза шайлоо өткөрүүгө салым кошууга чакырды жана мыйзам бузууларды айтып чыккан ар бир адамды коргоп алууга сөз берди.

“Ар бириңиздердин укугуңуздарды коргоп алууга күчүбүз жетет. Мажбурлоого, паспорт чогултууга  баарыбыз каршы турушубуз керек. Мындай шайлоолордун арты жакшы болбойт. Элди, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдери, дарыгерлерди бул жорук нааразы кылып жатат. Мындай фактыларды жашырбастан, ар бирибиз чөнтөк телефонго тартып, интернетке чыгаралы. Күч органдарына, БШКга кайрылып, алардын жазасын бергенге күчүбүз жетет.  Кайсы тармакта иштебеңиз, каалаган партияңызды тандоо – бул сиздин конституциялык укугуңуз”, – деди Жанар Акаев.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жанар Акаев өнөктүккө оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын баштап баратат.

Бийликчил партиялар административдик ресурстарды пайдаланып жатканы тууралуу соцтармакта да нааразылык күч. Жакында эле “Биримдиктин” талапкери, вице-спикер Аида Касымалиева менен мектеп директорунун ортосундагы чатак ачыкка чыккан. Ал ортодо бийликчил делген “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышмай болду, Жогорку сот алардын пайдасына чечим чыгарды. Буга байланыштуу нааразылык акциялар уланууда.