Батыш легитимсиз изилдөөлөрү аркылуу Кыргызстандын саясий процесстерине кийлигишүүгө жан үрөп жатат

151

Парламенттик шайлоонун алдында Батыш коомдук пикир түзүү аракетин баштады.
Эл аралык республикалык институт (IRI), АКШ Республикалык партиясынын илимий борбору Өкмөттүн COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүдөгү ишине баа берүү жана калктын маанайы боюнча социалдык сурамжылоо жүргүзүшкөн.
IRIнин жүргүзгөн иликтөөсү боюнча Өкмөттүн коронавирус менен көрүшүү аракеттерине сурамжыланган кыргызстандыктардын 66% канааттанган эмес.
Чындыгында, эң башында, өлкөдө вирус жаңы катталган учурда Өкмөт көп катачылык кетирди. Чыны менен бул балакеттин жайылышы ушундай бир тездик менен көп аймактарды камтыды, жада калса Италия, АКШ, Испания сыяктуу саламаттык сактоо системасы өнүккөн мамлекеттерде дагы өтө кыйын акыбал жаралды.
Ошентсе дагы башында кетирилген катачылыктар акырындап түздөлүп, азыркы учурда Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы жалпысынан КОВИД-19 менен дурус эле күрөшүп жатат.
Жогоруда аталган сурамжылоолор жалпы өлкө боюнча миңден анча мынча ашык гана кишилерден телефон аркылуу жүргүзүлгөн экен. Мунун өзүн эле IRI эл аралык уюмунун жаңылыштыгы деп эсептөөгө болот. Албетте, мындай чала ылгоодо, же чала сурамжылоодо көп катачылыктар кетет, легитимсиз болуп калат. Андан улам ишенимден кетип, эч кандай юридикалык күчкө ээ болбойт.
Ал ортодо америкалыктардын иликтөөсү шайлоо алдындагы агитациялык кампаниянын астында пайда болгонунун өзү эле кандайдыр бир шек саноого, күмөн ойлорго түртөт.
Баса, Россияда Эл аралык республикалык институту (IRI) чет элдик агент деп таанылып, анын ишмердигине 4 жыл мурун эле тыюу салынган. Россиянын ТИМи IRI уюму USAID аркылуу ар кандай деңгээлдеги шайлоолор менен кошо Россиянын саясий процесстерине таасир этүүгө аракеттенгенин билдирген.
Бул өңүттөн алып караганда, Эл аралык республикалык институту (IRI) жүргүзгөн иликтөөлөрү, сурамжылоолору аркылуу манипуляциялоо менен Кыргызстандын парламенттик шайлоосунун жыйынтыгына таасир этүүгө ниеттенип жатышы толук мүмкүн. Ал эми USAID болсо өз кезегинде НПОлор менен ЖМКларга гранттык каражаттарды берүү аркылуу саясий процесстерге тасир этүү үчүн коомдук пикир жаратууга жандалбастап келет.
Андыктан, жакшылап байкаса, НПОлор уюштурган митингдердин басымдуу бөлүгүндө жана ЖМКлардагы сын-материалдардын артында USAID жана IRI сыяктуу америкалык “досторубуздун” кулагы чыгып турат.
Ошентип, АКШнын мамлекеттик уюмдары ЖМК аркылуу дүрбөлөңдүү иликтөөлөрүн ыргытып коюп Кыргызстандагы кырдаалды курчутуп жатат. Балким, алардын Беларустагы мамлекеттик төңкөрүшү ишке ашпай калып, эми аны Кыргызстанда сынап көргүлөрү келип жаткандыр. Мына ушундай ар кандай иш-аракеттер менен өлкөдөгү шайлоо кызуу өтчүдөй. Чоң күчтөр шайлоо өнөктүгүнүн башталышында эле ачыктан ачык эле кийлигише баштады. Мындай аракеттер дагы да болчудай…