Атамбаев “Батукаевге боштондук” бизнес-операциясын ишке ашырганын моюндады

528

Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүм чыккандан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев элге кезектеги калпы менен кайрылды.
Атамбаев өзүнүн кайрылуусунда Жаныш Бакиевди экстрадициялоо үчүн Батукаевди бошотуп жибергенин чындап мойнуна алды.
Бул эмне деген аңкоолук? Жаныш Бакиев үчүн ким эле Батукаевди бере калсын? Ал кездерде Жаныш Бакиев бирде Беларуста, бирде Дубайда жашынып жүргөн. Ал жактардан ким эле уурдай качып, канчалаган чек араларды жашырынып басып өтүп, алып келип бермек эле? Рамзан Кадыровбу? Мындай операцияларды билгизбей жасоо мүмкүн эмес, анын кесепеттери сөзсүз болмок. Мындай эл аралык масштабдагы көйгөйлөрдүн Кадыровго эмне кереги бар?
Атамбаев кандуу генералды алып келүү боюнча УКМКнын кандайдыр бир жашыруун атайын операциясы жөнүндө калпынын кезектеги порциясын жана фантазиясын жайылтканына эч ким деле таң калбай калды.
Бирок Атамбаевдин бардык нерсени баш-аягы кылып, аласалдыруу боюнча авантюристтик чеберчилигин тана албайсың. Ага жана анын жакындарына Батукаевди бошотуу үчүн чоң акча төлөнгөнүн мойнуна алып калуунун ордуна, мурдагы президент «а ля Штирлиц» стилинде баатырдык бир чыгарманы ойлоп таба калат.
Жеке керт баштары үчүн эле Батукаевди бошотуу махинациясы күнү баарына эле белгилүү. Кимге канча төлөнгөнүн, чечендердин кантип жасалма доллар беришкенин, андагы апендилердин бир сумманы толук ала албай калып, “бомба жарам” деп Атамбаевди ачыктан ачык эле шантаж кылганын, соттун отурумуна бир күн калганда эле чечим даяр болгонун, ийгиликтүү болгон кыңыр иш ресторанда кантип майрамдалганын жана ал жакта соттун өкүмү унутулуп калганын жана башка көп жагдайларды элдин баары эчак эле билет.
Журналист Нарын Айып туура белгилегендей, кыргыз бийлиги Батукаевди бандиттик жол менен Бакиевдердин бирөөнө алмашкысы келген, мунун баарынан мурдагы бийликтин криминалдуу экени де-факто таанылды.
Атамбаев президенттик кызматта отурганына карабастан, бирдемени арзан ала коюп, кайра кымбат сатып, өзүн гана ойлогон кызыл кулак бойдон калган. Ал мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарга түкүрүп эле таштаган. Ошентип Атамбаев өзү үчүн Ата Мекенди анча-мынча соодалап да койгон. Эми эмнеден жаздым экен деп түрмөдө отуруп алып ойлоно берсин, балким качандыр бир убакта түшүнөр.