Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок – Үсөнбаев

79

02.09.20. Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 60 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 36ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 895 киши айыгып чыкты.