Отко салсаң күйбөгөн, сууга салсаң чөкөпөгөн Акылбек Жапаров алкынды самындай жылмышат го, чиркин…

322

Хипик…

Мамлекетти кантип тоноонун жолдорун өздөштүргөн саналуу адамдар бар экени маалым, аларга бийликтин алмашканы кеп деле эмес экендигин турмуш көрсөттү. Төңкөрүштө тепкилеп-сабаса деле болбой, сымаптай кылтылдап барып, майлуу жерге отуруп алып жатышат. Маселен, Акылбек Жапаров тээтиги Совет доорундагы Апсамат Масалиевдин маалынан бери майталканда. 30 жыл бою жеп-ичти, тоноду, кабат-кабат имараттарды салды, бирок тойбоду. Дагы деле бийликке жутунуп жатат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, «Мекеним Кыргызстан» партиясына кирип, анын идеологиясын, а түгүл пргорммасын жазып жатканы каңкууланган. Кийин партия төбөлдөрү бул оюнан кайтып, Акылбекти акырын иттен чыгарып койгону маалымдалды. Ошентип бул эрен бул жолку аламан жарышта ташыркап, ара жолдо кала берди. Негизи, Жапаровдун «мордасын» эл көргүсү келбей калды. Алп Кыргызстандын түбүнө Акылбек сыяктуу алкынды самындай жылмышкан немелер жетмей болду.

Камчы Кадыров