Жакшы жаңылык! Акыркы суткада бир дагы медиктен коронавирус аныкталган жок

74

02.09.20. Акыркы суткада бир дагы медкызматкерден коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 9 медик айыкты.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 136 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 496 медкызматкер айыгып чыкты”, – дейт ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 36ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 895 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.