“Бир Болдун” алдамчылыгы бир шайлоого гана жараган…

255

“Бир Бол” саясий партиясы быйыл 10 жашта. Кыргызстандын эгемен тарыхынан караганда бул балакай курак. Партия 2010-жылы бакиевчилер бийликтен куулгандан кийин “Ак Жол” партиясынын парламенттеги мурдагы жоокери Алтынбек Сулайманов тарабынан түптөлгөн. Бакиевден соң Бабановдун “Республикасына” башын батыра алган Алтынбек Сулайманов ал кезде таанымал деле саясатчы эмес эле. 2015-жылы ал өз партиясы менен шайлоого катышып, бир ууч тобу менен парламентке өтүп кетээри да эч кимдин оюна келбептир. Бирок, там-там баскан партиянын лидерине 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында кимдир бирөөлөр акылдуу кеңештерди бергендигин моюндоо керек. Алтынбек Сулайманов “тизмеңе аттуу-баштууларды кошпосоң ашуу аша албайсың” деген кеңешти угуп, бакиевчилердин аман калгандарын “Бир Болго” бириктирген. Тактап айтканда ал өз үйүрүнө бакиевчилер: М.Султанов, И.Чудинов, А.Жапаров, М.Абдылдаев, А.Шадиев жана башкаларды кошуп шайлоодо 12 мандат алууга жетишкен. Мунун себебин добуштарды сатып алуу үчүн аянбай чачкан эсепсиз акчалардан жана алар берген укмуштуудай убадалардан көрүүгө болот. Добуштарды сатып алууга кызылдай акча керектигин партия лидери мурдун балта кеспей туруп эле айткан ошол кезде. Бирок, анын самандай сапырылган акчалары бар беле?. Албетте, жок эле. Ошондуктан, ал бакиевчилерди тизмеге бекеринен кошпогондур. Эми убадалар туурасында азын-оолак кеп. Тилде сөөк жок дегендей, 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бул партиянын дудуктарына да тил бүттү. Кабаттап кат-кат берген убадаларын укканда карапайым калк өзүн бактылуу сезип калды го чиркин! Мына курсагы ачка элдин эсин эки кылган куру убаданын күчү. А.Сулайманов өзүнүн акылы жетпеген менен эски бакиевчилердин жардамы менен “Илбирс секирик” деген программа жаздырды. Ага ылайык, Кыргызстаныбыз азыр гүлдөп өнүгүүнүн күрдөөлдүү мезгилин башынан кечирип жатмак. Шайлоодон кийин эле үч жыл ичинде өлкө бюджети үч эсеге көбөйүп, пенсиялардын, жөлөкпулдар менен айлык маяналардын өлчөмү жогорулап, Россия менен Казакстандын деңгээлине жеткиребиз дешкен. Бюджетте тартыштык жоюлмак. “Оу, бул чындык!” деген бакиевчи Акылбек Жапаровдун эсепчилигине таянып 2020-жылы дүйнөдөгү алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошулабыз деп жомок айтканы эстен кетпейт. Кыска мөөнөттө биз “илбирс секирик” менен Гонконг, Корея, Сингапур менен Малайзия сыяктуу “азиялык жолборстордон” аттап өтө турган болуп кыялданган элек. Сыягы 2015-жылдын 20-сентябры болсо керек, Оштун эң чоң району Кара-Суунун Мады айылында жолугушуу болуп, ага катышкан “Бир Болдун” талапкери Мамасадык Бакиров 5 жылда жумушсуздардын санын үч эсе, салыктардын санын 2эсеге чейин кыскартып, пенсиянын өлчөмүн 2 эсе көтөрөбүз деген эч уялып-кызарбастан. Ушул эле убадаларды билимдүү-маалымдуу деген Марат Султанов да башка бир жолугушууда тотукуштай сайраган. Андан бери 5 жыл өттү, бийлик пенсионерлерге кайыр-садакалык акча кошкондон башкага жарабады. Быйыл, 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөөрү айтылууда. Бирок, болгону 200-300 сомго гана. Бул акча менен М.Бакиров менен А.Сулайманов бир жолу түштөнө алышабы? Ал эми Кыргызстан башка улут өкүлдөрүнө карата толеранттуулук жогору экендигинен улам багы ачылган мурдагы өкмөт башчы, кийинки бир болчу Игорь Чудинов министрликтердин санын 16дан 9га чейин кыскартабыз деп билермандык кылган. Өзү премьер болуп турганда бул планын эмне үчүн ишке ашырган эмес, түшүнүү кыйын.

“Илбирс секирик” боюнча ошол кыскартылуучу министрликтердин катарында айыл чарба министрлиги бар эле. Бирок, “Бир Болдун” энчисине тийген министрлик жоюлмак турсун, партия өкүлү Нурбек Мурашов министр кызматына дайындалып, ал эки жыл дыйкандарды эжигейдей гана эзди, “Өзбекстан бизден 500 миң тонна картошка алууга макул болду” деп элди алдап, төккөн тер текке кетти, арга кеткенде чириген картошка анын кабинетине чейин жеткирилди Эми айта берсе, “Бир Бол” алтын тоону убада кылган экен: мугалимдердин айлык маянасы 30 миң сомго чейин чыгат, милиция кызматкерлериники үч эсе көбөйөт, элге үстөгү 7 пайыздан төмөн, айыл чарба тармагына 3 пайыздык кредиттер берилет, алдыдагы 5 жылда ар бир аймакта ондон бала бакча, Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат, борбор калаа кристаллдай тазаланат, эсепсиз ГЭСтерди, завод-фабрикаларды куруп, 70 миң жумушчу орун түзүлөт, алыскы Баткен көмүрдү унутуп, жалаң гана көгүлтүр от пайдаланат ж.б. Алтынбек Сулайманов: “Программада кɵп нерсе жазылган, парламентке келсек, аларды сɵзсүз ишке ашырабыз. Биздин арабызда күчтүү экономисттер, юристтер жана башка тармактар боюнча да мыкты адистер бар” деген. Бирок, кийин ал “убадаларды аткарууга парламентте мандаттарыбыз жетишсиз болуп калды” деп актанды. Колуңан кокон келбегенден кийин жөн эле короздоно бербе! деген адам жок. Андан көрө мандат эмес, акылыбыз жеткен жок дебейт беле. Ага карабастан, “Бүкүрдү көр түздөйт” демекчи, убада берүүдөн уялбай алдамчылыгы ашынган Алтынбек Сулайманов парламенттик шайлоого кайрадан аттанды. Бул ирет ал: “Биз сөздөн ишке өтүп жатабыз. Саясий кеңешке заман агымы менен тең жарышкан жаштарды киргиздик. Эскилерден жалгыз өзүммүн” деп турган чагы. Бирок, ал айткан жаштар “баягы-баягылардын” уул-кыздары, жакындары экендигин ал эми жашыра албайт. Алтынбек канчалык актанбасын, алардын арасында Бакиевдердин жаңы мууну – Курманбектин иниси Мараттын кызы Сымбаттын бар экендиги элди иренжитип туру. Негизи эле, Алтынбекке окшогон самопалдарды өзү айткандай “радикалдуу аракеттер” менен борттон ары ыргытуу керек. Радикалдуу аракеттер демекчи, “Бир Болдун” лидери 2015-жылы шайлоо алдында кокус өтпөй калсак, ушундай кадамдарга барабыз деп ачык эле кулак-кагыш кылган. Бул ирет да партиясын “оппозицияда” деп жар салган Алтынбек арам ойлорду аста бышырып жаткандыгы эч кимге жашыруун болбой калды.

Булак: Учур