Ажар апа: «Абышкамдын бизнесмен ойношу бар»

554

«Абышкам экөөбүз мындан 42 жыл мурун баш кошконбуз. Классташ болобуз, 3 кызыбыз, 1 неберебиз бар. Жашыбыз бир топко келип калганы менен үйдөгү көрүнүштөр жаныма батып кетти. Жолдошум мени өлтүрүп салабы деп корком. Жашагым деле келбей калды. Анткени күйөөм балдарымды дагы бузуп, мени аларга жамандап бүттү. Мындан улам үйдөгүлөр мени сыйлашпайт. Үй-бүлөнү бузуу өлүмгө алып келет. Мен ошол нерсени күтүп калдым», — деди ал.

Көзүнө жаш алган Ажар апа андан ары сөзүн мындай деп улады.

«Кыздарым жакшы болсо, ынтымакка чакырмак. Тескерисинче табалап, «күнөөнүн баары өзүңүздө» деп турушат. Жолдошумдун ойношу бар, маданият үйүндө иштейт. Ал тууралуу элден маалымат жыйнадым. Автобекет жакта үйү бар экен. Ишкерлик менен дагы алектенет экен. Жолдошум карагайчы болуп иштеди. Биз жаш кезде барак тамда жашачубуз. Анда 3 кызыбыз кичинекей, түн ичинде жоголуп кетчү (күйөөсү тууралуу). Үйгө такыр келбей калган күндөр дагы болгон. Көрсө ошону менен жүрчү экен. Мен болсо эч нерсе билбей, жалаяк жууп отура берчүмүн. Денемден көк ала так кеткен жок, ушул күнгө чейин «төркүнүңө кет» дейт. Бул кызгануу эмес. Ошону билсем отурат белем. Куран окуп, дубаларды айтам. Бирок азыр кайгыдан, стресстен башым чыкпай калды.

Бүгүнкү күндө үй-бүлө деген кичинекей мамлекетке эч ким көңүл бурбай калды. Адамдардын пейили бузулду. Жан дүйнөсү жок, жүрөктөрү музга айланды. Абийирдүүлүк, адамгерчилик жок. Бүт акча, акчаң болсо жашайсың», — деди ал.

Ажар апа абышкасы менен өмүр бою мал бакканын дагы айтты.

«Тигиниси көрүнгөн унааны айдатат. Майрамдап кетишет. Анын баарын ар ким айтып келет. Менден жашырып жүрөт. Айтсам, мойнуна албайт. Түнкүсүн үйгө жатпайт. Жинденип мени менен урушкусу келет. Моралдык жактан бузулган, эмне кылып оңдошту билбейм. Ушунча жашка келип, эми ажырашуу керекпи? Күйөөмдөн такыр жакшылык көргөн жокмун», — деп сөзүн бүтүрдү.

Турмуш.кж