Маевка айылындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды

9

Аламүдүн районунун Маевка айылындагы Кичи Чүй каналынын жээгинде эркек кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуя болгон жерге барган куткаруучулар 60-65 жаштагы азият улутундагы адамдын сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Каза болгон адамдын өздүгү такталууда.