Баласы энесинин өлүгү менен батирде бир жыл жашаган

648

Бир жыл бою энесинин сөөгүн үйүнө катып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу “Комсомольская правда” басылмасынын кабарчысы жазып чыкты.Маалыматта, Екатеринбург шаарынын Ильич көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 85 жаштагы карыган кемпир сыртка чыкпай калганын кошуналары байкашкан. Алгач конокко алыскы туугандарыныкына кетсе керек деп ойлошкон. Жыл айланып кеткенде шектенип жатканын айтып полиция кызматкерлерине кайрылышат. Полиция кызматы үйдү тинтүү учурунда үйдөн кемпирдин катырылган денеси табылган. Көрсө кемпирдин чогуу жашаган 35 жаштагы уулу апасынтжерге бермек тургай каза болгонун эч кимге билдирген эмес. Сөөктү тийиштүү экспертизадан өткөрүшкөндө болжол менен бир жыл мурун каза тапкан. Ал эми уулу акыл эси жактан оорулуу болгонго жыт сезбей жана сүйлөбөгөнү белгилүү болду.Аргумент.кж