COVID-19. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер ооруга чалдыккан

66

29.08.20.  Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1 жана Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калган.

“Бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 11 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3126 учур катталды, алардын ичинен 2440 медкызматкер айыгып чыккан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 712ни түзөт. Алардын ичинен 37 миң 973 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.