Кыргызстанда акыркы суткада дагы 125 адамдан COVID-19 табылды. Жалпы 43 миң 712

133

29.08.20. Кыргызстанда 29-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 125 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 40 – коронавирус, 85 – пневмония. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 712 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 30
  • Ош – 2
  • Чүй облусу – 8
  • Ош облусу – 12
  • Талас облусу – 6
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 13
  • Жалал-Абад облусу – 31
  • Баткен облусу – 22