Гулшайыр Садыбакасованын уулу эмнеден каза болгону айтылды

393

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын жалгыз уулу ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркин каза болгондугу тууралуу суук кабар маалымдалган. Ал эми окуянын чоо-жайы жөнүндө толук билүү үчүн “Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисти, ырчы Азалия Дүйшөналиевага байланыштык:

“Эмне болгонун өзүбүз дагы түшүнбөй калдык. Болгону 19 жашта эле го. “Азалия эже”, “Сайкал эже” деп “эжекелеп” жүрчү. Абдан элпек бала эле (ыйлап).

Мындан мурун “жүрөгү ооруп, жүрөт дарыланып жүрөт” дегенин угуп калчумун. Көрсө, кечээ, 25-августта саат 9,10 дордо жүрөгү токтоп, ошондон көз жумуптур.

Учурда, Гүлшайыр эжеке Ошто. Биз Бишкекте Сайкал, туугандары менен өлүкканада жүрөбүз. Азыр Ошко алып кетебиз. Бүгүн жерге берилет болуш керек”,- дейт болгон окуяга ишенгиси келбеген ырчы айым.

Ал эми Эркин өзү дагы бир нерсе сезгендей Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнө акрыкы ирет “Оюн бүттү” деп жазган.